Долборлор
ТОО БАЛДАРЫ коомдук фондунун максаттары менен принциптери

ТОО БАЛДАРЫ коомдук фондунун максаттары менен принциптери

“ТОО БАЛДАРЫ” КООМДУК ФОНДУ

“Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү бир гана сапаттуу билим берүү аркылуу  мүмкүн” деген пикирдеги жарандардын ыктыярдуу бирикмеси. Билим берүү тармагында чечим сунуштаган жарандык мектеп.

Мекеменин негизги максаты: Элди агартуу жаатында кызмат кылуу

Миссия: Өлкөбүздүн потенциалын билим берүү аркылуу ачабыз: окуучуларды шыктандыруу жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү менен агартуу жаатында лидерлерди өстүрөбүз.

Стратегия: Билим берүү долбоорлору аркылуу мектеп менен демөөрчүнү (колдоочуларды) табыштырып, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу.Өзгөчө аймактагы мектептерге көңүл бөлүү.

Принциптер:

  • Трансформация билим берүү аркылуу гана ишке ашат

(Коомдун өнүгүүсү, өзгөрүүсү сапаттуу билим берүү аркылуу гана ишке ашат)

  • Билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүк тартуулоо

(Социалдык-экономикалык абалы же аймагына карабай бирдей мүмкүнчүлүк түзүү)

  • Инновациялык көз караш

(Билим берүү процессине заманбап окутуу методторун киргизүү)

  • Агартууда өнөктөштүк

(Жергиликтүү комчулук, бизнес жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу)

  • Ачык-айкындык

(Фондтун ишмердүүлүгү боюнча ачык-айкын отчеттуулук)

  • Жергиликтүү демилгелерди колдоо

(Жергиликтүү коомчулук тарабынан сунуталган долбоорлорду колдоо)

  • Билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү

(Мугалимдерди жана окуучуларды өмүр бою окууга шыктандыруу )

  • Туруктуу өнүгүү

(Аймактарда узун мөөнөттө өз алдынча иштей турган долбоорлорду түзүү)

  • Жыйынтыктардын натыйжалуулугу

(Натыйжалуулукту башкаруу, көрсөткүчтөрдүн негизинде чечим чыгаруу)

  • Бирдиктүү мамиле

(Академиялык көндүмдөрдү гана эмес, ошондой эле soft skills. Эмоционалдык интеллекти жана критикалык ой-жүгуртүүнү өнүктүрүү)

  • Инсандын руханий өнүгүүсү жана руханий-интеллектуалдык бүтүндүгү

(Окуучулардын интеллектуалдык өнүгүүсү менен бирге этикалык жана руханий өсүүсү)