Директор жана аткаруучу орган

“Өлкөбүз сапаттуу билим аркылуу өсүп-өнүгөт”
“Тоо Балдары” Коомдук фонду аймактардагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап, чечим издөө максатында: «Билим кеңеш», — аттуу иш-чара уюштурат.
Быйылкы тема — Мектеп менен демөөрчүнү кантип табыштырабыз?
Сизди “Билим Кеңеш” иш-чарасында эмне күтөт?
- Билим берүү тармагындагы кызыктуу талкуу, жакшы жаңылыктарды угасыз.
- Окуучунун жан дүйнөсүнө жарык чачкан жаратмандар менен таанышасыз.
- Айылыңыздагы мектепке жардам берүүнүн оңой жолдорун үйрөнөсүз.
- Эл агартуу тармагында иш алып барган мекемелердин чакан көргөзмөсү уюштурулат.
Дареги: Борбор Азия Америкалык Университет (Мейкерспейс окутуу борбору)
Убактысы: 2024-жылдын 9-ноябры, ишемби 09.30-13.30 саат арасы
КАТТАЛУУ ФОРМАСЫ: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf9yKw4IKURi4Jl1MpBJjB48Ux2U-ya_YnbrpvDHDzyx0ki8Q/viewform — ссылкасында.
Толук маалымат үчүн кайрылыңыз:
+996 222 040377 (WhatsApp)
toobaldar@gmail.com
admin
0