
Негиздөчүлөрдүн Уставдагы орду
5.2. Фонддун жогорку башкаруу органы болуп 64 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган Уюштуруучулардын жалпы чогулушу саналат.
Фонддун уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле анын жаңы редакциясын бекитүү
- Фонддун ишинин артыкчылыктуу багыттарын, мүлкүнүн пайдалануунун тартибин аныктоо;
- Фонддун директорун, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн, Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн кызматка дайындоо жана бошотуу;
- филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүү жана жоюу боюнча маселелерди чечүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү;
- Фонддун уюштуруу түзүмүн, анын жетекчи кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын бекитүү;
- Фонддун финансылык планын, ошондой эле Фонддун директору тарабынан даярдалган Фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;
- 1 000 000 сомдон ашык суммадагы директордун чечимдерин, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен байланыштуу сделкаларды бекитүү;
- Фонддун көзөмөлдөөчү жана аткаруучу органдарынын ортосундагы, анын мүчөлөрү менен Фонддун ишине катышкан адамдардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Фондду кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- жылдык отчетту жана жылдык бухгалтердик балансты бекитүү;
- Фонддун каражаттарынын жана мүлкүнүн түрлөрүн, өлчөмдөрүн жана пайдалануунун багыттарын белгилөө.
Фонддун уюштуруучулары Фонддун Байкоочу кеңешинин кандай болбоссун чечимине вето коюуга укуктуу.
Ушул Уставда Уюштуруучулардын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер Фонддун башка органдарынын чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес.
Уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечимдери бардык уюштуруучулардын катышуусунда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат (жыйынга онлайн катышууга жол берилет).
5.2. Высшим органом управления Фондом является Общее собрание учредителей, состоящее из граждан Кыргызской Республики не достигших 64-летнего возраста.
К исключительной компетенции Общего собрания учредителей Фонда относится:
- внесение изменений и дополнений в Устав Фонда, а также утверждение его в новой редакции;
- определение приоритетных направлений деятельности Фонда, порядка использования имущества;
- назначение и освобождение Директора Фонда, членов Наблюдательного совета, членов Ревизионной комиссии;
- решение вопросов о создании и ликвидации филиалов, представительств, утверждение Положений о них;
- утверждение организационной структуры Фонда, условий оплаты труда его руководящих работников;
- утверждение финансового плана Фонда, а также годового отчета о деятельности Фонда, подготовленного Директором Фонда;
- утверждение решений Директора о заключении сделок стоимостью выше 1000000 сом, а также сделок с недвижимым имуществом;
- разрешение конфликтных ситуаций между надзорным и исполнительными органами Фонда, между ее членами и лицами, причастными к деятельности Фонда;
- принятие решений об участии в деятельности других юридических лиц;
- принятие решений о реорганизации и ликвидации Фонда;
- утверждение годового отчета и годового бухгалтерского баланса;
- установление видов, размеров и направлений использования средств и имущества Фонда.
Учредители Фонда имеют право наложить вето на любое решение Наблюдательного совета Фонда.
Вопросы, отнесенные настоящим Уставом к исключительной компетенции Общего собрания учредителей, не могут быть переданы им на решение других органов Фонда.
Решения Общего собрания учредителей принимаются простым большинством в присутствии всех учредителей (допускается онлайн участие на собрании).