
Билим берүү тармагында долбоорлор боюнча эксперттер менен жолгушуулардын натыйжасында чыккан Анализ жана сунушталган Чечимдер.
1. Мугалимдерге фокус кылуу: Даярдык жана колдоо.
- Көйгөй: Мугалимдердин даярдыгынын начардыгы, жетишээрлик мотивациянын жоктугу жана психологиялык колдоонун төмөндүгү.
- Чечим:
- Окутуу: Жаш мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга инвестиция кылуу. Өзгөчө soft skills жөндөмдөрүнө басым жасаган көндүмдөр менен жаңы методикаларды үйрөткөн педагогикалык колледждерди жана курстарды түптөө.
- Психологиялык колдоо: Мугалимдерге психологиялык жардам көрсөткөн программаларды ишке киргизүү. Бул программалар өзгөчө айыл жергесинде иш алып барган мугалимдер үчүн абдан манилүү.
- Шыктандыруу: Жаш мугалимдерге, өзгөчө аймактарда иштеген мугалимдерге стипендия жана шыктандыруучу сый акыларды берүү.
2. Ата-энени билим берүү процессине катыштыруу.
- Көйгөй: Ата-энелердин, өзгөчө аталардын билим берүү процессине жетишээрлик деңгээлде катышпоосу.
- Чечим:
- Конкурстар жана иш-чаралар: Ата-энелердин билим берүү процессине катышуусун шыктандырган маданий, спорттук, конкурстук жана башка иш-чараларды уюштуруу.
- Ишкерлер менен өнөктөштүк: Ишкерлер менен мектептерди катыштырган аянтчаларды түзүү. Бул аянтчаларда ата-эне менен “киреше” деген түшүнүк аркылуу сүйлөшүү, балдардын практикалык жөндөмдөрдү үйрөнүүсүнө, ата-энеси менен катышуусуна шарт түзүү.
3. Окуучулар: Оюн эркин билдирүү жөндөмү
- Көйгөй: Балдардын ой-пикирин эркин билдирүү жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө жетишээрлик деңгээлде көңүл бурбоо.
- Чечим:
- Окутуу soft skills: Окуучуларга сынчыл ой-жүгүртүү, коммуникация, коргонууга окшогон турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган методика жана курстарды иштеп чыгуу.
- Таланттуу балдарды колдоо: Колунда жок үй-бүлөлөрдөгү таланттуу жана жөндөмдүү балдарды колдоо боюнча стипендияларды жана билим берүү программаларын түзүү.
4. Мектеп жетекчилигин өнүктүрүү
- Көйгөй: Мектептеги мүдүрлөрдүн квалификациясынын жетишсиздиги жана мектептердин ортосундагы кызматташуунун аздыгы.
- Чечим:
- Мүдүрлөрдү окутуу: Өзгөчө аймактагы мектеп мүдүрлөрдүн башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды түзүү.
- Мектептердин кызматташуусу: Мектептердин ортосундагы аймактык жана улуттук деңгээлдеги кызматташуусун шыктандыра турган аянтчаларды жана платформаларды түзүү.
5. Окуу материалдарын жаңылоо жана китеп тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
- Көйгөй: Сапаттуу китептердин жетишсиздиги жана окуганын түшүнүү деңгээлинин төмөндүгү.
- Чечим:
- Китетерди жаңылоо жана жаңы китептерди жеткиликтүү кылуу: Өзгөчө айыл жергесинде китептерди жаңылоого багытталган долбоорлорду колдоо жана сапаттуу китептерге болгон муктаждыктарды чечүү.
- Методикалык колдоо көрсөтүү: Заманбап билим берүү технологияларын жана китептерин колдонуу боюнча методикалык рекомендацияларды иштеп чыгуу.
Корутунду
Коомдук фонд интервью учурунда ачыкка чыккан негизги көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасаш керек. Тагыраак айтканда, мугалимдерди колдоо жана алардын даярдыгына кам көрүүгө, ата энелерди активдүү катыштырууга, окуучуларды өсүп-өнүктүрүүгө жана мектептерде башкаруучуларды колдоого өзгөчө көнүл буруусу керек. Ар бир долбоор комплекстүү түрдө ишке ашып, туруктуу жана узун мөөнөттө натыйжалуу болуусуна өзгөчө басым жасалуусу зарыл.
Приоритет
Приоритетте мугалим болушу керек. Анализдин жыйынтыгында экспреттердин айтып өткөн көйгөйлөрү менен сунуштарына таянсак, мугалимдер билим берүү процессинин өзөгүн түзүшөт. Алардын кесиптик өсүп-өнүгүүсү, аларды колдоо жана мотивация берүү – мектептердеги билим берүүнүнүн сапатынын жогорулашынын негизги шарты катары каралат.
Долбоорлордун багыты:
- Мугалимдердин квалификациясынын жогорулатуу — билим берүүдөгү жаңы методикаларды, технологияларды, ыкмаларды окутуу.
- Жаш мугалимдерди колдоо — моралдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү, насаатчылык, кесиптик өсүү боюнча шарт түзүү.
- Инновация үчүн шарт түзүү – мугалимдерге жаңы билим берүү практикаларын ишке ашырууга шыктандыруу жана чыгармачыл демилгелерди колдоо.
- Мугалимдерге психологиялык колдоону камсыздоо — мугалимдердин кесиптик көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган атайын программаларды сунуштоо.
Коомдук фонд ресурс жана мүмкүнчүлүктөрүн мугалимдерге багыттосу зарыл, анткени, мугалимдер билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткычы.