Долборлор
Тоо-Балдары менен Тойбосстун кызматташуусу

Тоо-Балдары менен Тойбосстун кызматташуусу

Тоо-Балдары коомдук фонду 2023-2024-окуу жылы «Китеп сааты» долборунун алкагында Нарын облусунун бардык беш районунан бештен мектеп тандап алган. Ал 25 мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери менен бирге 2-3-4-класстанынын 2000’ге жакын окуучусуна бир жылда 300’гө жакын кыргыз тилинде жомокторду окутууга киришкен. Жыл ичинде бул долборго өлкөбүздүн түштүк аймагынан 10 мектеп кошулуп, «Китеп саатынын» алкагына жалпысынан 42 мектеп кирди.

Андан сырткары, долбордун жетекчиси Насыпбек Асанбаевдин командасынын аракети менен бул 42 мектептин 5-10-класстарынын арасында кыргыз тилинде китеп окуу жарыштары уюштурулуп, балдар акчалай сыйлыктарды алышкан. Кийинки билдирүүбүздө ал жарыш тууралуу кеңири маалымат бермекчибиз.

Бул билдирүүдө айткыбыз келген нерсе — бизди тынчсыздантып жаткан маселе — метептердин 1-класстарынын окуучулары камтылбай калганы болчу. Кудай жалгап, Дарья Абдиметалиева аатуу ыктыярчы айымдын көп жылдык аракети, тажрыйбасы жана аброюнун аркасы менен «Тойбосс» фирмасынын жетекчилиги «Билимге тойбос — Тойбосс» аттуу демилге баштап, 42 мектебибиздин ар бирине такта-полкадан жана 18 жомоктон (18*3 = 54 китеп) турган 15 000 сомдук белек сатып берди.

Төмөндө ошол баалуу белектерди мектептерибизге кантип жеткирип, тапшырганыбыз тууралуу фото-видео материалдарды көрсөңүздөр болот.

Лего ыкмасы менен куралчу такта-полка

18 × 3 = 54 жомок

Ат-Башы району, Бирлик айылы

Ат-Башы району, Большевик айылы

Ат-Башы району, Ак-Жар айылы

Ат-Башы району, Биринчи май айылы

Ат-Башы району, Ак-Талаа айылы

Ат-Башы району, Ак-Муз айылы

Ат-Башы, №1-мектеп