
“Китеп сааты” долбору (2023-24 окуу жылы)
Кенже класстардын китеп окуу адатын калыптандыруу; окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү; Кыргызстанды көп окуган өлкөлөрдүн катарына кошуу; адабий китептер аркылуу кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү максатын көздөгөн “Китеп сааты” долбору 2019-2020-жылдагы пандемияга чейин Кочкор жана Ат-Башы райондорунда ийгиликтүү пилоттук сыноодон өткөн.
Быйыл бул долбор Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын (бардык) райондорунун 5’тен мектебинин кенже класстарынын 1250’дөй окуучусун камтыды. Бир чейректе үч этаптан турган иш-чаранын 1-этабы 2024-жылдын март айында аяктады.
Долборго төмөнкү айылдардын 25 мектеби кирди:
Ак Талаа району:
Кадыраалы айылы
Кара Ой айылы
Жаңы Талап айылы
Ак Тал айылы
Үгүт айылы
Ат Башы району:
Калинин айылы
Жаңы Күч айылы
Биринчи Май айылы
Большевик айылы
Бирлик айылы
Нарын району:
Куланак айылы
Жан-Булак айылы
Достук айылы
Кызыл-Жылдыз айылы
Эчки-Башы айылы
Кочкор району:
Кызыл-Дөбө айылы
Мантыш айылы
Көк-Жар айылы
Кара-Саз айылы
Кара-Күңгөй айылы
Жумгал району:
Байзак айылы
Баш Кууганды айылы
Түгөл-Сай айылы
Куйручук айылы
Жумгал айылы
