Долборлор
«Лидер мугалим» долбоору (2023-2024)

«Лидер мугалим» долбоору (2023-2024)

«Лидер мугалим”

Нарын облусунун беш районунун мектептеринен 300 жаш мугалим тандалып алынып, ай сайын 50 мугалим 3 күндүк тренингден өтөт. Алардын бардык чыгымдары каржыланып, тренингдин сертификаттары тапшырылып, мугалимдер ассоциациясына кабыл алынат. Бюджети — 2 232 000 сом

Долбордун максаты:

Жаш мугалимдердин агартуучулук дараметин лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жогорулатуу аркылуу мектептеги билим берүүнүн сапатын арттыруу.

“Тоо балдары” жана “Калем” Лидерлер Академиясынын “Билим кербени” долбоорунун алкагындагы “Лидер мугалим” курсу 2024-жылдын март айында 22-40 жаш аралыгындагы мугалимдер үчүн старт алды!

3 күндүк курста төмөнкү темаларда окутуу жүрдү:

1. Мугалим ким?

2. Агартуучулуктагы каталар

3. Коммуникация, стереотиптер

4. Педагогикалык этика

5. Курактык психология, A, Z муундар арасындагы байланыш

6. Идеалдуу мугалим

7. Долбоор түзүү

Катышуучулар курстан кийин долбоор жазып өз мектептеринде окуучулар менен биргеликте ишке ашырышты.

Мыкты долбоорду ишке ашырган мугалимдер байгелерге ээ болушту.

Аталган курс — Кыргызстандагы бардык мугалимдер үчүн лицензияланган модулдук окутуу. Пилоттук аймак катары Нарын облусунда башталды.

Катышуучулар окутуу аяктагандан кийин “Лидер мугалимдер ассоциациясына” кошулуп, сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Биздин балдар кесипкөй жана чыгармачыл ой жүгүрткөн лидер мугалимдерди каалайт.

«Лидер мугалим» курсу — кесипкөйлөрдүн аянтчасы жана анын негизги максаты мугалимдерге заман талабына ылайык багыт берүү, шыктандыруу жана алардын агартуучулук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Өлкөбүздүн келечеги делген жаштардын билимдүү, патриот, эмгекчил, ак ниет, ыймандуу болушу мугалимдердин чыныгы кадыр-баркына жараша болот.

▪️Дүйнөдөгү баардык кесиптин ээлери мугалимден билим алган. Биринчи жарыкты ойлоп тапкан адам да, биринчи телефондун үлгүсүн жасаган адам да, адам баласынын эң керектүү муктаждыктарын жеңилдеткен адам да алгач ирет мугалимден таалим алган. Алардын кадырын билип, баалай албасак, анда биздин коомубуз, өлкөбүз өнүкпөйт. Эң алгач өлкөнү өнүктүрөм десек, анда билим берүүнү алга сүйрөп чыгышыбыз керек.

______

▪️«Лидер мугалим» долбоорунун максаты:

Кыргызстандагы жаш мугалимдерге заман талабына ылайык багыт берүү, шыктандыруу жана алардын агартуучулук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен орто мектептердеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.

▪️Долбоордо күтүлүүчү жыйынтыктар:

• 300 мугалим окутуудан өтөт;

• Катышуучулар өз мектептеринде долбоорлорду ишке ашырышат;

• «Мугалимдер ассоциациясы» түзүлүп, мүчө болуу менен сертификат, баалуу белектер менен сыйланышат.

▪️ Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн колдоо көрсөткөн КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Сатаров Нурбек Бейшеналиевичке, Нарын облустук билим берүү бөлүмүнө, “Тоо балдары коомдук фонду” жана «Калем” Лидерлер Академиясына терен ыраазычылык билдиребиз.