
Фонд каржылап баштаган алгачкы 3 Долбор
Тоо Балдары Коомдук фонду жаштардын демилгеси менен түптөлүп, 2024-жылдын 5-февралында расмий каттоодон өттү.
— Сунулган 11 долбордун арасынан алтоо тандалып, 2024-жылдын 1-мартынан тартып үчөө каржыланып баштады:
1-долбор: “Китеп сааты”.
Нарын облусунун ар бир районунан бештен мектепте, ар мектепте экиден кенже класска (жалпы 1250дөй окуучу) жаш курактарына ылайыктуу китептер берилип, алардын ошол китептери окуусун камсыздап, жыл аягында натыйжасы чыгарылып, баарына баалуу белектер берилет. Бюджети жарым окуу жылга − 1 100 000 сом
— Китеп окуу адатын калыптандыруу;
— Окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү;
— Кыргызстанды көп окуган өлкөлөрдүн катарына кошуу;
— Адабий китептер аркылуу кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү.
2-долбор: “Лидер мугалим”
Нарын облусунун беш районунун мектептеринен 300 жаш мугалим тандалып алынып, ай сайын 50 мугалим 3 күндүк тренингден өтөт. Алардын бардык чыгымдары каржыланып, тренингдин сертификаттары тапшырылып, мугалимдер ассоциациясына кабыл алынат. Бюджети — 2 232 000 сом
Долбордун максаты:
Жаш мугалимдердин агартуучулук дараметин лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жогорулатуу аркылуу мектептеги билим берүүнүн сапатын арттыруу.
3-добор: “Мугалим жана директорлордун Академиясы”
Окутуу программанын 75% заочно, 25% очно болот. Март-апрель айларында Бишкеке 4 күндүк семинарга келишет. Мамлекеттик стандарттарга негизделген 108 сааттык окууну аяктаган соң категорияларына жараша айлыктарына кошумча 2000ден жогору сом (мыйзамга ылайык) кошулмакчы.
Эки долбордун бюджети — 5 220 000 сом
Долбордун максаты:
Бардык 141 мектебинен директор менен бирден мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу.